Иса Өмүркулов менен Аида Касымалиева баштаган КСДП фракциясынын сегиз депутаты жана “Ата-Мекен” фракциясынан бир катар эл өкүлдөрү “Чыңгыз Айтматов” орденин уюштурууну демилгелөөдө.
Эске салсак, мындан мурун “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмиль Токтошев жана “Бир Бол” фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиевдер “Чыңгыз Айтматов” медалын уюштурууну демилгелеп чыгышкан.
Бирок, жазуучунун маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство тармагындагы жасаган зор эмгегин, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы руханий байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен КСДП жана “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары сыйлыктын статусун көтөрүп, орден уюштуруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштоо тууралуу бир пикирге келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ