Menu

Иран украиналык учактын атып түшүрүлүшү боюнча иликтөөсүн жарыялады

Бөлүшүү:

Иран бийлиги Тегеран аэропортунан учуп чыккандан кийин эки ракета менен атып түшүрүлгөн украиналык жүргүнчү учак боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялады. Трагедия 2020-жылы 8-январда болгон.

“Украина аба жолдору” авиакомпаниясын таандык “Боинг” учагындагы 176 жүргүнчүнүн баары каза тапкан.

Иран тергөөчүлөрү катастрофага радиолокациялык станциядагы мүчүлүштүктөрдөн улам абадан коргонуу операторлоруна ката маалымат кеткени себеп болгон деп эсептешет. Баяндамага караганда, операторлор ракетаны кое берүү боюнча макулдук алышкан эмес.

Ирандын жарандык авиация башкармалыгы жарыялаган баяндамада абадан коргонуу системасынын операторлору аппаратураны кайра жөндөөгө үлгүрбөй калышканы айтылган.

“Гардиан” басылмасы билдиргендей, учак атып түшүрүлгөн маалда экипаж алдын ала бекитилген каттам боюнча учуунун бардык эрежелерин сактоо менен бараткан.

Чечмелөөчү аппаратуранын жоктугуна карабай, учактын кара кутусу алигиче иран адистеринде. IRNA агенттиги Тегеран аны 20-июлда Францияга өткөрүп берерин жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: