Menu

Фото – Эки баланы тепкилеген ага-ининин абакта таяк жеген сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады

Бөлүшүү:

Бишкектеги Ахунбаев менен Курчатов кесилишинен эки баланы аеосуз сабаган  бир туугандар: Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков Бишкек СИЗО-1ге эки айга камалган. Алар 19-сентябрда абакта мушташып, таяк жеп, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан текшерүүдөн өткөрүлүп, анан N47-абакка (“больничка”) жаткырылган. 21-сентябрда, ага-ини олуттуу жаракат албагандыктан, ооруканадан чыгарылып, кайрадан СИЗО-1ге алынып барылганы тууралуу ЖАМК  билдирген.

Ошол эле күнү, 21-сентябрда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү ага-ини Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековго барып жолукканда, алар денесиндеги жараттарды бири “керебеттен кулап кеттим” десе, экинчиси “туалетке баратып тайып кетип жыгылдым” деген. Экөөсү тең бирөөлөр менен мушташканын же сабалганын моюндарына албай, арыз жазуудан баш тарткан.

Ошентсе да, алар N47-абак-ооруканада жатканда палатадан түшкөн сүрөттөрү бүгүн социалдык тармактарга тарады. Анда көрүнүп тургандай бир туугандардын экөөсүнүн тең колдору гипстелген. Бети-башында көгөргөн, кызарган, шишиген жерлери бар.

Эскерте кетсек, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилегени аз келгенсип, аларга келген Тез жардамга да жолтоо болгон видео сентябрда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун каргышына калган. Үрөйдү учурган окуя болгон жерге эки мыкаачынын милиция агасы Казыбек Бапышов жетип барып, аларды алып кеткен. Эки зөөкүргө издөө жарыяланган. Коомчулуктун катуу сынынан кийин, ИИМ министри К.Жунушалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. Ошондон кийин гана иш жылып, 4-сентябрда милициянын майору К.Бапышов (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган. 6-сентябрда, таң эрте Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилген. 10-сентябрда алардын милиция агасы Казыбек Бапышов да кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иши жүрүүдө.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: