Menu

Пара үчүн камалган Кылычбек Арпачиев жатак абакка которулду

Бөлүшүү:

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы, камактагы Кылычбек Арпачиев жатак абакка которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, Арпачиевдин иши жаңы кодекстерге ылайык кайра каралгандыктан мөөнөтү кыскарган. Жазасынын үчтөн бирин өтөгөндүктөн сот аны жатак абакка которуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Кылычбек Арпачиев 2015-жылы паракорлукка шектүү катары камалган. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылган деп айыпталган.

Биринчи май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот муну менен катар «анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн» деп чечкен. Бул чечимди 2016-жылы Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: