Menu

Нике түндөн соң мамилебиз муздап баратат…

Бөлүшүү:

Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болду. Баардык нерсе нике түнүбүздөн башталды. Жүрөктү оорутту. Нике түндөн соң жакпай калганымды айтты. Андан бери жашаганыбызга алты айдын жүзү болду. Мамилебиз ысыбай эле күн санап муздап баратат. «Кош бойлуу болуп калсам баары унутулабы?» дедим. Кош бойлуу да боло албадым.

Эми биздин дүңгүрөгөн үйлөнүү тоюбуз эмне болот? Күн санап муздап баратабыз. Кайын журтум карегим менен тең айланып, «экөө жашап кетсе, балалуу болушса» деген жакшы тилектери бар. Мен да жакшы келин болуп, аларды кубандыргым келет.

Бирок күйөөмдүн мамилеси дене-бойду ичиркентет. «Уят» гана мени бул үйдө кармап турат. Эми болсо «Москвага кетем» деп чамынып алды. Мындан аркы жашообуз кандай болот?

Кандай кадамга барарымды билбей кыйналал кеттим…

Булак: «Азия Ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: