Menu

УКМК: “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө

Бөлүшүү:

Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аскердик күчтөрүн бекемдеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

“Учурда тараптардын тирешүүсү, анын ичинде курал колдонуу дагы деле уланууда. Баткен облусунда жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы кыргыз тараптын толук көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.

Маалымат боюнча, кечээ саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскаватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып кеткен. Ал эми саат 11:30 чамасында Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул  боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган.

Бүгүн таңында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүн көздөй ок атылган. Ошондой эле, Ош – Исфана жолунун боюнда жайгашкан Майский айылынын (Тажикстан) жанынан өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытылып баштаган. Чырдан улам 4 кыргызстандык жарадар болгон, алардын ичинен бирөөсү ок жеген. 

Түштөн кийин Баткен районундагы «Головной» суу тосмосунда абал курчуп, эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталган.

Акыркы маалыматтар боюнча, жабыркаган жарандаржын саны 31ге жетти, бир жаран алган жаракатынан улам көз жумду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: