Menu

Өзгөн шаарында таштанды тазалаганга техника жетишпейт

Бөлүшүү:

Өзгөн шаары абдан чакан болгону менен өтө эле чачыранды жайланышкан. Андыктан, “Өзгөн тазалык” муниципалдык ишканасына бир эле мезгилде калааны көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана курулуш вазийпасы дагы кошо жүктөлгөн.

– Өзгөн шаарынын булуң-бурчунан күн сайын орточо 40-50 тонна акыр-чикир алып чыгабыз. Ишканабыздын карамагында он гана техникабыз бар. Булардын бардыгы дээрлик моминтип эскирип бүттү, – деп ыйлактады Өзгөн тазалык муниципалдык ишканасынын директору Хушнудбек Ибрагимов.

– Ошондуктан, буларды катарынан жаңылоого абдан муктажбыз. Кыргыз Өкмөтү Өзгөн шаарына каражат жагынан даңгал эле каралашса, куп сообубузга калмак.

– Өзгөн тазалык жылдан бери эмгектенем. Үч уул, эки кызымды ушердеги арзыбаган маянам менен эптеп багып келатам, – деп агынан жарылды Өзгөн тазалык муниципалдык ишканасынын айдоочусу Мамат Абжапаров.

– Эл уйкусунан ойгоно электе сасык таштандыларды чекесинен ташып баштайбыз. Көрдүңүздөр го, техникабыз таптакыр жетишпейт. Ошентсе дагы, жоктон көрө жогору деп, дагыле эскилерин моминтип эптеп урунуп келатабыз. Башка аргабыз жок!

Өзгөн тазалык муниципалдык ишканасында жалпы жонунан 47 гана киши эмгектенет. 57 миң калкы бар шаарга чындап эле бул жумушчулар абдан аздык кылат. Анын үстүнө булардын маяналары дагы өтө эле төмөн. Маселен, топтун башчысы 10 000, айдоочу 9500, короо шыпыргыч 7000 сом айлыкка иштейт. Башка кошумча булактары жок. Ошондуктан, Өзгөн тазалык муниципалдык ишканасында жумушун таштап кеткендер чекеден табылат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: