Menu

Өзбекстанда кош бойлуу мугалим сабалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда укук коргоо органдары Касбий районунда мугалимдин сабалышын иликтешүүдө.

Маалыматка караганда, Чулкувар айлындагы мектепте англис тилинен сабак берген Лобар Эргашеваны окуучуларынын биринин туугандары 26-апрелде сабап кетишкен.

– Ал күнү 2-класстын окуучуларына сабагым бар болчу. Сабак башталганда арткы партада отурган балдар чурулдап, тентек кыла башташты. Мен аларга эскертүү бердим, алар мени уккан жок. Сабагымды араң аягына чыгардым. Андан соң 1-класстарга сабак өтө баштадым. Ошо маалда мен эскертүү берген баланын апасы класска кирип келди. Ал менин кесиптешим, мектепте чогуу иштейбиз. Ал баласын эки жолу жаакка чапканымды айтып, мени күнөөлөй баштады. Кош бойлуу экениме карабай, 1-класстын окуучуларынын көзүнчө жаакка чапты, – деди Лобар Эргашева.

Эргашева мындан соң ал директорго чакырылганын, анын бөлмөсүнөн чыгып келе жатканда ошол эле окуучунун таяжеси да чаап жибергенин айтты.

Жети айлык боюнда бар Лобар Эргашеванын абалын дарыгерлер канааттандыраарлык деп баалашууда.

– Келиндин колдору көгөргөн. Баланын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралган жок, – деди Кашкадарыя облусунун көп тармактуу медициналык борборунун дарыгерлеринин бири.

Мектеп директору Олимжон Нуриллаев учурда бул окуя иликтенип жатканын билдирди.

–Мугалим окуучуну эки жолу чаап жибергени аныкталды. Жаңжал ушул себептен улам чыгыптыр, – деди Нуриллаев.

Кашкадарыя облустук элдик билим берүү башкармалыгы бул окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын маалымдады.

Апрель айынын ортосунда Кашкадарыя облусунун Чиракчин районунда дагы бир англис тил мугалими окуучусуна “эки” койгону үчүн сабалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: