Menu

Алматы менен Чымкентте бир нече киши кармалды

Бөлүшүү:

Алматыда бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов бийликке каршы митинг өтөт деп белгилеген жерге – Борбордук паркка келген кишилер кармалды. “Эркин Европанын” казак кызматы 1-майда полиция бери дегенде беш кишини кармап кеткенин билдирди.

Кармалганга чейин бул кишилер бийликке өз талаптарын айтууга үлгүрүшкөн. Алар саясий туткундарды бошотууну, Европарламент кабыл алган Казакстандагы адам укуктары жөнүндөгү резолюцияны аткарууну, баанын өсүшүнө бөгөт коюуну жана “мажбурлап эмдетүүнү” токтотууну сурашкан.

Бул арада ушул эле күнү Чымкентте “Кыял ааламы” паркында төрт киши кармалды. Белгисиз кишилер “Эркин Европанын” казак кызматынын кабарчысына окуяны видеого тартууга тоскоолдук кылышты.

Казакстандын бир нече шаарында Аблязов “митинг өтө турчу жер” катары көрсөткөн аймактарга бара турган жолдор жабылды. Интернет үзгүлтүккө учурады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: