Menu

Видео – Каныбек Иманалиев: “Кант” авиабазасында Россияга жерди эмес, асфальтты гана берип жатабыз, акысына $4,8 млн акча алабыз”

Бөлүшүү:

“Өкмөт Кыргызстандын ички маселесин Кыргызстандын Россия менен болгон сырткы маселесине чаташтырып ийдиңер. Чатагы бар маселени Жогорку Кеңешке алып келбеш керек”, – деп билдирди бүгүн, 9-июнда депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатып.

“Бул мыйзамдын демилгечиси өкмөт, бирок журналисттер чабуул жасаганда өкмөттүн бирөөсү да унчукпай олтуруп алдыңар, бүт жүктүн баарын Исхак Пирматов алды. Биз парламент жердин статусун өзгөрткөн жокпуз, мурункудай эле бойдон калды. Бир эле сөз жетишкен жок: асфальттын кыртышы Россияныкы, жер Кыргызстандыкы. Ошондуктан бул күмөн саноо дагы эле кала берет журналисттерде. Силер баарын ээрчитип барып, журналисттерге көрсөтүңүздөр. Бул келишим тескерисчинче Кыргызстандын позициясын бир-эки кадам алдыга жылдырды. Себеби буга чейин эле пайдаланылып, биз ижара акысын албай жүргөн 58 гектарга кошумча 291 миң доллар алып жатабыз. Өткөн чакка ушунча акча төлөбөгөндүгү үчүн 4 миллион 500 миң доллар алып жатабыз. Ошондо жалпысын 4 млн 791 миң доллар алабыз, бул биринчи. Экинчиден, бул учуу тилкесин Кыргызстан жана Россия да пайдаланат. Үчүнчүсү – келечекте ижаранын мөөнөтү бүткөндө Кыргызстанга өтөт. Ушул үч сөздү айтканга өкмөттөн бир киши чыккан жок”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: