Menu

Өзбекстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн донорлордон $200 миллион насыя алат

Бөлүшүү:

Өзбекстан COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан 200 миллион доллар алууга ниеттенип жатат.

Бул тууралуу өлкөнүн инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакаванын 13-июлдагы видеоконференциясы маалында айтылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Асакава Өзбекстандын саламаттык сактоо системасы менен санитардык-эпидемиологиялык кызматын модернизациялоого 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берүүнү жактыруу маселеси каралып жатканын билдирди. Бул каражат августтун башында берилет деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары долбоордун алкагында Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан да 100 миллион доллар каражат алуу каралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: