Menu

“Турук» көмүр кениндеги абалды турукташтыруу зарыл

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Турук” көмүр кениндеги кырдаал талкууга алынды.

Фракция мүчөлөрү табигый шарты катаал алыскы районду көмүр менен толук камсыз кылуу учурдун маанилүү маселеси экенин белгилешип, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев баштаган Өкмөттүн тармактык өкүлдөрүнө “Турук” көмүр кениндеги талаштуу маселелерди тез арада чечүү тапшырмасын беришти.

Эске салсак, “Турук” көмүр кениндеги HW Energy Resources жана «Турук Майнинг» компанияларына тиешелүү кен аянттарынан көмүр казып алган деген жүйө менен аталган кенди иштетип келген “Кенч Строй” компаниясынын лицензиясы ушул жылдын 27-апрелининде токтотулуп, 15-июнунда жокко чыгарылган. Натыйжада, бул чечимге байланыштуу талаштар жаралып, жергиликтүү эл да каршылыгын билдиришкен.

Мындан тышкары, жыйында 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы жана “Бишкек мунайзат компаниясы” ЖАКнын улутташтырылган мүлкүнүн менчиктештирилиши жөнүндө да талкуу жүрдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: