13-декабрь күнү ырчы Анжелика кайрымдуулук кылуу үчүн өзүнүн 100 кече көйнөктөрүн сатат. Бул туурасында ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
Анын айтымында, кече көйнөктөрдүн баасы 2 миң сомдон жогору бааланат.
“100 кече көйнөктөрүмдү 2 миң сомдон жогору сатам. Бүгүнкү күндө кыйналып жаткан 200 үй-бүлөгө чогулган каражат таратылат. Алардын тизмеси бар. 13-декабрь келиңиздер, келе албагандар онлайн сатып алса болот“, – деп билдирүү жазган Анжелика.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ