Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныкташты.
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 4 шектүү кармалган. Алар: Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Б.Н., ККБ жетекчисинин орун басары М.У. жана аталган эле башкармалыктын И.А. аттуу кызматкери жана коммерциялык уюмдун жооптуу кызматкери К.А. (Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында камакта). 2 жаранга кылмышка шектүү экени жөнүндө кабарлама берилген.
Кечээ, 17-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге камакка алынган.
Такталгандай, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери муниципалдык менчик реестриндеги лифттерди модернизациялоону 24 миллион сомдон ашык суммага сатып алууга ылайыксыз келишим түзүшкөн, бул иштердин баасы кыйла төмөн болушу керек.
“Көзкарандысыз эксперттик уюмдун корутундусуна ылайык, текшерилген лифттердин андан аркы иштеши кооптуу жана адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет, бул лифттерди куруу жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарына бир катар олуттуу четтөөлөр жана дал келбестиктер менен тастыкталат” – деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш ишине катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ