Menu

“Эгерде сен мага турмушка чыкпасаң, мен сени өлтүрөм” – деп 20 жаштагы кызды ала качып, коркуткан жигит үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Ош шаарында никеге туруу максатында адам уурдоого шектелген жаран үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Маалым болгондой, жабырлануучу каршы арыз жазган, буга байланыштуу үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы 29 жаштагы А.уулу Ж.га тандалып алынды.

Тергөө иш-чаралары уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарында 20 жаштагы кызды үйлөнөм деп уурдап, коркуткан жигит кармалганы маалымдалган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ал 10 суткага кармалган.

Окуянын чоо жайы: “Ала качуунун” курмандыгы болгон А. кызы Н. Ош шаарындагы кафелердин биринде кассир болуп иштеген. Анын айтымында, биринчи ала качуудан кийин ал үйүнө кайтууга үлгүргөн. Бирок уурдоого катышкан жигит аны коркутууну уланткан. Социалдык тармактардагы мессенджер аркылуу улам-улам жазып, каза болгон кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп жаткан. Ал мунун бардыгын төмөнкү текст менен коштогон: “Эгерде сен мага турмушка чыкпасаң, анда сенде дагы ошондой болот. Мен сени өлтүрөм … “, – деген ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: