Menu

Сапар Исаков мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 14-декабрда, 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чараларын иштеп чыгуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кеңешменини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өлкөдөгү мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүүнүн негизги принциптери, аны аткаруунун механизмдери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган кызматкерлеринин аталган Мыйзам ченемдери жөнүндө маалыматын жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.

2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жөлөкпулдун үч түрү: 2018-жылдын 1-январынан тарта бала төрөлгөндө бир ирет берилүүчү жөлөкпул, 3 жашка чейинки ар-бир балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул жана 3 жаштан 16 жашка чейинки үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул каралууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Премьер-министрге жогорудагы Мыйзамдын айрым ченемдерине каршы чыгып жаткан Нарын шаарынын тургундарынын талаптары тууралуу маалымдады. Анын айтымында, Нарын шаарынын айрым тургундары үй-бүлөдө 3 жаштан 16 жашка чейинки балдардын саны үчтөн кем болгон учурда азыркы айрым жөлөкпул алуучулар тизмеден түшүп калуусу каралып жаткан Мыйзамды кайрадан карап чыгууну талап кылышууда.

Өкмөт башчы өлкөдөгү айрым үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпул жалгыз киреше булагы болуп саналаарын өзгөчө белгилеп, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мамлекеттик жөлөкпул тутумунан чыгарылуусу мүмкүн болгон жарандардын абалына талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Премьер-министр аталган жактарга жөлөкпул төлөөгө чыгымдарды жабуу үчүн зарыл сумманын эсебин жүргүзүүнү жана жогорудагы маселе боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: