Menu

Расул Маматкулов, ырчы: “Концерт берүү туурасында ойлонбой, тойлордо эле жүрө бериптирмин”

Бөлүшүү:

– Саламатсызбы Расул мырза, жакында жеке концертиңизди тартуулаганы жатыпсыз. Алгач алдыда боло турган концерт туурасында айтып кетсеңиз?

– Ооба, 16-17-сентябрда концерт бергени турам. Бул жөн эле концерт эмес, менин 50 жылдык юбилейим. Мына ушул 50 жылдык өмүр жолумда чыгармачылыкта жүрүп кандай ийгиликтерге жетиштим, эмне жасай алдым, элим үчүн кандай кызмат кылдым деген суроолорго жооп боло турган концерт болмокчу. Азыр концертке абдан кызуу даярданып жатабыз. Убакыт жок. Күз келип тойлор да башталды. Күндүз концертке даярдык, кечинде элибиздин жакшылыгында кызмат кылып, бутубуз-бутубузга тийбей чуркап жүргөн кезибиз.
– Бул концертиңиздин башка концерттериңизден кандай өзгөчөлүгү болот?

– Негизи эле мен концерттеримди бири-бирине окшош кылбайм. Ар бир койгон концертимдин өзгөчө болушуна кылдат мамиле жасайм. Бир жолу берген концертти кийинки жолу кайталап бере берген туура эмес. Элди тажатып алсаң, экинчи концертиңе эч ким келбейт. Менин концертим башка ырчылардыкынан чыгыш тилинде болгондугу менен айырмаланат. Биздин эл чыгыш стилине жакын. Бул жагын да эске алам. Ал эми азыркы концерттин өзгөчөлүгү туурасында айтсам, концертиме келген ырчылар менин ырларымды аткарышат. Буга чейин ар бир ырчы өз ырын ырдаса, бул жолу менин репертуарымдагы ырларды ырдап, элиме жакшы маанай тартуулашат. Дагы өзгөчөлүгү көп. Кичүү кызым Аяна да катышып жатат. Эми калганын келгенде көрөсүңөр. Баарын азыр төгүп салсам туура болбойт.
– Концерттин түйшүгү түмөн экенин, жалгыз адам баарына жетишпей тургандыгын кесиптештериңиз айтып калышат. Сизге уюштуруу иштеринде ким жардам берип жатат?

– Концерт десе эле эки көшөгөнү илип коюп ырдай берет деген түшүнүк туура эмес. Бир жолу концерт берүү үчүн бир жылдык даярдык кетет. Буга ыр жаздыруу, программа түзүүдөн тартып, сүйлөшүүлөр бүт кирет. Концерт берүүчү залды макулдашуу эле бир топ түйшүктү жаратат. Костюм тиктириш керек дегендей. Анан да теле-радио, гезиттердеги, көчөгө илген жарнамалар үчүн да убакыт көп талап кылынат. Албетте анан жалгыз жетишпейсиң. Ошондуктан мындайда колуңа-кол, бутуңа-бут болгон кишилер абдан керек. Азыр болсо мага үй-бүлөм чоң жардам кылып жатат. Жубайым кызыбыздын, менин концерттеримди уюштуруп жүрүп такшалып калган. Көп жумуштарды өзү эле бүтүрүп, мага бир топ жеңилдик кылууда.
– Ырчылар концертти эки максатта, акча табуу жана атын чыгаруу үчүн беришет экен. Сиз кандай максатта берип жатасыз?

– Балким жаш, жаңы чыгып келе жаткан ырчылар сен айткан эки максатты башкы орунга коюшу мүмкүн. Бирок биздин курактагы ырчылар үчүн бул эки нерсе башкы максат эмес. Анткени биздин куракта акча, атак башкы ролду ойнобой калат. Анткени бул кезде ырчылар сахнадан өз ордун таап, жөн гана элге кызмат кылып калган болобуз. Ошондуктан жогорудагы эки нерсе менин башкы максаттарыма кирбейт. Акчаны концертсиз деле тапса болот. Тескерисинче биз концертке акча сарптайбыз. Бул жолу мен өз күйөрмандарыма жакшы, жагымдуу концерт тартуулагым келди.
– Кенже кызыңыз Аяна да чыгармачылыкты тандап жатабы?

– Ушул концертимде менин 50 жылдык юбилейим менен куттуктап ырдайт. Концертке келгендер Аянанын да талантына күбө болуп өз бааларын беришет. Чынында кичинекей кызды ырдатпай эле коеюн дегем. Бирок болбой эле чыгармачылыкка аралашып кетти. Өзү да абдан таланттуу, шыктуу, ырга жакын. Эми келечегин учурунда көрөбүз. Азыр ырчы болот деп айта албайм. Эс тартканда башка жолду тандап калабы, ким билет.
– Концерт бергениңизге канча убакыт болду эле?

– Мындан 2 жыл мурда стадиондо улуу кызыбыз Айгеримди узатуу той концертин өткөрбөдүк беле. Андан бери концерт берген жокмун. Кыскасы жеке концертимди бербегениме бир топ эле жыл болуп кетиптир. Концерт берүү туурасында ойлонбой, тойлордо эле ырдап жүрө бериптирмин. Анан кой деп жаңы ырларымды жаздырып, жакшы бир концерт берейин деп чечтим.
– Концертте репертуар да башкы ролду ойнойт эмеспи. Сиз бул концертиңизде канча жаңы ыр аткарасыз?

– Ооба, жаңы ырлар сөзсүз камтылышы керек. Ошону менен бирге элге жаккан эски ырлар да аткарылбай калып кетпеши зарыл. Кээ бирөөлөр мурда угуп жүргөн, өзүнө жаккан эски ыр үчүн атайын концертке келет да. Алардын да тандоосун сыйлап эске алып, эл арасында хитке айланган ырларды да аткарып коюу шарт. Ал эми бул концертимде жаңы жаздырган ырлар басымдуу болот. Мынча ыр аткарам деп санап отура албайм. Келсеңиздер угасыздар.
– Обон да чыгарып жүрөсүз. Ушул кезге чейин канча обондун автору болдуңуз?

– Өзүмдүн, башка ырчылардын ырларына обон жазып жүргөнүм чын. Бирок обончулардын өз шарты бар, ошол шартка ылайык мынча обондун авторумун деп айта албайм. Кудайга шүгүр, бир топ эле. Айрымдары элге сиңип кетти.
– Чыгармачылыкта жүрүп эмнеге жетиштиңиз?

– Кыргыз элиме эмгек сиңирдим, элим үчүн ырдадым, талантымды тартууладым. Менин кээ бир ырларымды элим ырдап, талантымды баалаган, сыйлаган күйөрмандарды таптым. Кызымды, уулумду эл адамы кылып тарбиялай алдым.
– Эми өзүңүз туурасында бир аз сөз кылсак. Учурда небере жытын жыттап жатасыз, небере өз балаңдан да таттуу болот дегенге кошуласызбы?
Ооба, кошулам. Азыр кызыбыздын кылыктары чыгып, чоңоюп, күндө ар кайсы өнөрү менен биздин чарчообузду жазып жаткан кези. Небере абдан таттуу экен. Жытына тойбойсуң.
Сиздин кеңешчиңиз?

– Кеңешчим эмес, кеңешчилерим бар: жубайым, кызым Айгерим, уулум Руслан.
– Эмнеге өкүнөсүз?

– Жакында жакын адамымды жоготтум. Азыр ошого өкүнүп турам.
– Арты кайрылуу болсун.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: