Menu

Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түркия тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын (мындан ары — Макулдашуучу Тараптар) ортосунда Макулдашуучу Тараптардын аймагында инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо боюнча милдеттенмелер белгиленген.

Макулдашууда эл аралык укуктун стандарттарына ылайык Макулдашуучу Тараптардын ар бирине инвестицияларды колдоонун жана коргоонун, ошондой эле экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында адилеттүү тең укуктуу режимди, толук коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуунун механизмдери каралган.

Макулдашуу менен инвестициялык режим белгиленет, ага ылайык ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагында өзүнүн мыйзамдарынын жана эрежелеринин алкагында каалаган башка үчүнчү тараптын инвесторлоруна көрсөтүлүүчү режимден кем эмес жагымдуу шарттарды түзүүгө тийиш.

Мындан тышкары Макулдашууга инвестициялар экспроприацияланбайт, улутташтырылбайт же ушуга окшош натыйжага ээ болгон чараларды көрүүнүн түз же кыйыр предмети болуп саналбайт деп аныктаган ченемдер киргизилген.

Ушуну менен бирге Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн аймагына, ошондой эле өзүнүн аймагынан инвестициялоого байланыштуу бардык которууларды өзүнүн мыйзамдарын басмырлоосуз колдонуунун негизинде өз ыктыяры менен чегерүүгө уруксат берүүгө тийиш экендиги белгиленген.

Макулдашууда бир Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн ченемдери белгиленген, ошондой эле Макулдашуучу Тараптардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыккан учурда аларды жөнгө салуунун түз жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр сыяктуу шарттары же Макулдашуучу Тараптардын арбитраждык сотко кайрылуу укугу аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: