3-августтун кечинде Алмаз Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы коргоочуларына Бишкектен артисттерди чакырып, дагы концерт берди.
Бул жолку концертке ырчы Рыскелди Осмонкулов да келип катышты.
Буга чейин Атамбаевдин концерттерине Осмонкуловдун деңгээлиндегидей белгилүү ырчылар келбей жатышкан. Демек, Рыскелди Осмонкуловго баш тарта албай тургандай гонорар сунуш кылынса керек.
Ошондой эле Кайрат Кыргыз деген ат менен белгилүү эпатаждуу ырчы да Атамбаевдин коргоочуларына ырдап берди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ