Menu

Нурдин Тынаев, Ленин районунун акими: “Ош” базардын тегерек-чети өтө чаржайыт болуп кетти, моюнга алам

Бөлүшүү:

—Нурдин Раатбекович, бүгүнкү күндө сизди «тундүктөн түшкөн аким» катары коомчулук талкууга алууда. Акимдик кызматка чейин кайда иштегенсиз?

—Мамлекеттик кызматка 2009-жылы келгем. Миграция министрлигинде иштөө менен эмгек жолумду баштагам. 2014-жылга чейин иштеп, Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу комитетинин башчысы болуп дайындалдым. Жарым жылдан кийин мэриянын аппарат жетекчиси болдум. 2016-жылдын апрель айына
чейин иштеп, аким болуп бекитилгем.

—Социалдык объектилердин салынып жатканы жакшы. Бирок аким катары бир дагы коррупциялык иштерге жол берген жокмун, андай болбой баары мыйзам чегинде иш жүрүп жатат деп айта аласызбы?

—Калемсап сатып ала турган болсок дагы портал аркылуу жарыяланып, анан сатып алабыз. Коррупциялык иштерге толугу менен тыюу салынган. Эки жылдан бери Ленин районун башкарып олтурам. Мен ачык айтам, эч кандай коррупциялык иштер болгон жок.

—«Ош» базары мэр Иса Өмүркуловдун учурунда ирээтке келди эле. Азыр абдан чаржайыт болуп, таптакыр каралбай калганы көрүнүп турат…

—«Ош» базары боюнча айтсам, бул-абдан татаал маселе. Базарга жалпысынан 88 адам ээлик кылат. Мындайча айтканда менчик базар деп койсом болот. Базарда 17 миңден ашык адам соода кылат. Муну милиция менен атайын иликтеп чыкканбыз. Булар патент алып, атайын салык төлөп иштеп жаткан адамдар. Мындан сырткары тачка менен иш алып баргандар бар. Буларга чара көрөбүз. 308-берененин негизинде атайын жоопко тарттырууга аракет жасайбыз. Рейд учурунда эскертүү берилет, аткарылбаса сот жообуна тарттырууга туура келет. Баардыгын эле бир күндө сотко алып бара албайбыз. «Патент алып иштебейсизби?»-десең, «Балдарым ачка, жумушум жок, айла жок чыктым»-десе айла жок түшүнүүгө макул болобуз. Мойнубузга алабыз, базардын тегерек-чети өтө чаржайыт болуп кетти. Бирок, элдин да көйгөйүн туура түшүнүш керек деп эсептейм.

—Ленин районуна караштуу «Ош», «Баткен», «Дордой-Дыйкан» базарларында сиздин орун басарларыңыз соодагерлерден «отметка» алып турушат деген сөздөргө эмне деп жооп бересиз?

—Бул толугу менен жалган маалымат. Мыйзамсыз иштерге рейд менен көп чыгабыз. Муну соодагерлер туура көрбөйт. Ошондуктан ар кандай сөздөр ММКлардан, социалдык тармактардан айтылууда. Эми бул көрө албагандардын, таарынгандардын сөздөрү десем болот. Биздин милдетибиз жумушту аткаруу. Бирине жагасың, экинчисине жакпайсың. Арасында ар кандай адамдар бар. Эки жылдан бери биздин бир дагы кызматкерибиз акча алып жаткан жеринен кармала элек. Кармалып калса мен сөзсүз жооп берем. Эки жылдан бери «орун басарларыңыз акча алып жатат» деген сөз болгону менен факты жок.

Баян Кулова

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: