Menu

Эрте никеге тыюу салуу боюнча мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзам долбооруна кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, документ жашы жете электерге диний ырым-жырымдар менен нике кыюуга жол бербөө максатында кабыл алынды. Ал 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аны өткөн айда парламент көпчүлүк добуш менен колдоп берген.

Эрте никеге тыюу салуу үчүн Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сунуштаган.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы 18 жаш. Бул мыйзам күчүнө кирсе, жашы жете электерге диний жөрөлгө менен нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган. Дүйнөлүк Save the Children (Балдарды коргоо) уюмунун иликтөөсүндө эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча Кыргызстан 59-орунда турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: