Menu

Жарыя: Эртең, 6-июлда “Президенттик шайлоону ММКларда чагылдыруунун актуалдуу маселелери” аттуу тегерек стол өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 6-июль күнү саат 14:00дө, Бишкектеги “Golden Tulip” мейманканасында (Исанова-Московский көчөлөрүнүн кесилишинде) 15-октябрда өтчү президенттик шайлоону массалык маалымат каражаттарында чагылдыруунун актуалдуу маселелери боюнча тегерек стол өтөт. Иш чараны Сөз эркиндигин коргоо комитети уюштуруп жатат.

Тегерек столго баардык каалоочулар кире алышат.

Дискуссиянын уюштуруучулары белгилегендей «Босогодо Президенттик шайлоо жана аны чагылдыруу актуалдуу маселелердин бири. ММК элге кезектеги шайлоодо туура тандоо жасашына жардам берүүсү абзел».

Тегерек столдун катышуучулары шайлоо кампанияларын чагылдырууда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кезикчү көйгөйлөрдү ар тараптан жана терең карап талкуулашмакчы. Шайлоону чагылдыруучу журналисттердин ишинин эффектүүлүгүн көтөрүүдө жаңы пландарды иштеп чыкмакчы.

Тегерек столдун күн тартибиндеги маселелер:

1. Пропаганда маалымдоодон эмнеси менен айырмаланат, эмнени эске алышыбыз керек.

2. Журналист шайлоо процесстерин чагылдырууда кантип эффективдүүлүккө жете алат? Кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?

3. Шайлоону чагылдырууда кесиптик жана этикалык критерийлерди кармануу

4. Шайлоону чагылдыруудагы укуктук чектөөлөр

5. “Кара пиар” жана жалган маалымат заманбап жашоонун бөлүнгүс бөлүгү болуп калдыбы?

6. Дебаттардын форматы: артыкчылыгы, эрежелери, регламент, кемчиликтери. Эмнени жана кантип өзгөртүү керек.

7. Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарында шайлоону чагылдыруу

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: