Menu

Улуттук коопсуздук кызматы КР Мамлекеттик мүлк фондунун 2010-жылдагы төрагасы, атамекенчи Шералы Абдылдаевге издөө жарыялады

Бөлүшүү:

КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2010-жылдын апрелинен кийинки төрагасы, атамекенчи Шералы Абдылдаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон  кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп саналат. Бул тууралу МУККнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Азыркы учурда Шералы Абдылдаев укук коргоо органдарынан жашынып, качып жүрөт. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1 бөлүгү (коррупция)  боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Шералы Абдылдаевге баш коргоо чарасы – камака алуу чечими чыгарылып,  ага издөө жарыяланды.

КР МУКК анын кайда экенин аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: