Борбор Азия өлкөлөрү суу жана энергетика ресурстарын бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен комплекстүү жана рационалдуу пайдаланышы керек. Мындай пикирин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Астанада өткөн Борбор Азия лидерлеринин алгачкы консультативдик жолугушуусу маалында билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, бул аймактагы бакубатчылыктын жана туруктуу өнүгүүнүн эң башкы факторлордун бири.
«Мен эң жогорку трибуналарда, анын ичинде БУУда, ошондой эле өлкө парламентине жолдогон кайрылууларымда дагы Тажикстан суу пайдалануу боюнча коңшуларына көйгөй жараткан эмес жана жаратпайт деп бир канча жолу билдиргем. Бүгүн дагы бир жолу белгилеп коёюн, биз коңшуларыбызды эч качан суусуз калтырбайбыз», – деди тажик президенти.
Эмомали Рахмон азыркы жана курулуп жаткан гидроэнергетикалык курулуштар бүтүндөй аймактын суу жана энергетика көйгөйлөрүн чечүү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Тажикстандын башчысы ошондой эле өлкөлөр маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык тармактарда байланышты кеңейтиши керектигин белгилеп, бул аймактын жана анда жашаган калктын руханий-маданий жактан мындан дагы жакындашуусуна таасир этерин айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ