2017-жылдын 13-декабры күнү саат 04:12де КР ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Балыкчы Чолпон-Ата унаа жолунун 72-чакырымында (Бает айылы) мамлекеттик № 7003 “Мерседес Гигант” үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен жерге барышкан. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1987-жылы туулган А.А.Э. оор жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ