Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат, анын ичинде 608 интернетке кошулду, калган мектептер боюнча 2017-жылдын сентябрына карата аягына чыгарылат. Анын иичнде 27 мектеп өлкөнүн чек ара райондорунда жайгашкан. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Өкмөт башчы эске салгандай, республикада билим берүү тармагына сезилээрлик каражаттар бөлүнүүдө.
« Кыргызстанда мамлекеттик органдарда жана билим берүү мекемелеринде электрондук башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Заманбап интернет-технологияларды колдонуу менен билим берүү процессинде жаңы структураны куруу маселеси Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат», – деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине 2017-жылдын 1-сентябрына карата коюлган тапшырманы аткарууну тапшырды.
Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева маалымдагандай, бул максатта республикалык бюджеттен 2017-жылы 111,8 млн сом каралган. Ал эске салгандай, буга чейин 467 мектеп интернетке кошулган. Сентябрда буга дагы 775 орто окуу мекемеси кошулат. Муну менен республикадагы 60 % мектептер интернет түйүнүнө туташтырылат.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, калган бардык мектептер интернетке 2018-жылы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында туташтырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ