«Антошка» тез татым түйүнү кечээ жарылып, бир кыз каза болгон. Ошол кырсыкка байланыштуу ашкананын 56 жаштагы арендатору кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 9-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кырсык боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. Соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалып, Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча иш иликтенүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө ашкананын арендатору (1963-жылы туулган К.А. аттуу адам) кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Эске сала кетсек, кечээ, 8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. Анда жабыркаган балдардын абалы менен Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы таанышып, жабырлануучулардын абалын билдирген.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү Саламаттык сактоо министрлигине жана жарылуунун, өрттөнүүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ