Menu

Франция 2040-жылга карата мунай жана газ өндүрүүдөн баш тартууну пландоодо

Бөлүшүү:

Франция 2040-жылга карата дүйнөдө биринчилерден болуп газ жана мунай өндүрүүдөн баш тартат. Ушул эле мезгилди утурлай өлкө дизель жана бензин менен жүрүүчү автоунааларды сатууну дагы токтотот.

6-сентябрда өкмөткө жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунда өлкө аймагындагы кендерди иштетүүгө жаңы лицензияларды берүүнү токтотуу, акырындык менен учурдагы уруксат кагаздардан баш тартуу каралган.

Ошол эле маалда импорт жана мунай менен газды кайра иштетүү улантылат, себеби Франция жылына болгону 6 миллион баррелдин тегерегинде көмүрсуутек отундарын өндүрөт – бул өлкөдөгү суроо-талаптын бир пайызын гана түзөт.

Климат боюнча Париж глобалдык келишимин аткаруунун алкагында Франция 2022-жылга чейин көмүр менен иштеген жылууулук электр борборлорунан баш тартып, электр энергиясын өндүрүүдөгү атомдук электр станцияларынын үлүшүн 75 пайыздан 50 пайызга чейин кыскартууну пландоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: