Menu

Курсан Асановго коюлуп жаткан айыптар негиздүүбү?

Бөлүшүү:

Артур Медетбеков, УКМКнын мурунку төрагасы:

– Артур мырза, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы катачылыктар тууралуу оюңузду айта кетсеңиз? 

-7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы көп мүчүлүштүктөр менен коштолду. Ошонун негизинде ал күнү операция ишке ашпай калды. Бул операциядан эки чоң ишти бөлүп көрсөткүм келет. Биринчиси, “Альфа” катуу таасир бере албай элдин катуу соккусуна кабылып, жарадар болгондор болду, барымтага алынып, бир кызматкер каза болду. Атамбаев буга чейин эле курал колдоноорун, келсеңер атам деп айтып келген. Эгер айрым депутаттар, саясатчылар Атамбаевге туура кеңеш берип койгондо мындай ызы-чуу болбойт эле. Дагы бир опурталдуу иш болду, ал Курсан Асановдун жалаага калганы. Мен айтат элем генерал Курсан Асанов өзүнүн профессионалдуулугу менен ошол ишти эч кандай кан төгүүсүз чыгарды деп. Бул жагы генералга карата акыйкатсыз иш болуп калды.

– “Табышмактуу баштык” жана андагы баалуу кагаздар, буюмдар жөнүндө сөз болду го?

– Ал баштыкта алтын, баалуу кагаздар болгон дегенге мен ишенбейм. Анткени, Алмазбек Атамбаев ал баалуу кагаздарын андан мурунку күнү эле, кармоо операциясы башталганда эле алып чыгып кетсе керек. Курсан Асановго милициянын ишениминен кетип, саткын болду деген таризде күнөө коюлуп жатат. Мен билгенден мыйзамда милициянын ишениминен кетти деген статьялар жок. Ал эми курал-жарактар Курсан Асанов барганга чейин эле чогулуп калган экен. Анын бардыгын видео тасмалар көрсөтүп жатпайбы. Бул боюнча да айып тагууга негиз жок болчу деп айтат элем.

-Курсан Асановдун жакындарына да көмүскө күнөөлөр коюлуп жатпайбы буга пикириңиз кандай?

-Акыркы кездерде социалдык тармакгарда чыгып жаткан видеолор канчалык деңгээлде мыйзамдуу тартылган же кантип коомчулукка чыгып кеткендигин териштирүү гана бир жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Азыр Курсан Асановдун иши эки бөлөк пикир жаратып жатат. Анын үй-бүлөсүнө байланьштуу күнөө коюлуп жатканы өтө ыпластык. Анын байкеси, иниси, баласы дешип көмүскө күнөө коюлуп жатканы чын. Эгер канча жыл мурунку окуяга тиешеси бар болсо, анда эмне үчүн буга чейин каралган эмес, тергөө иши жүргөн эмес? Мени таң калтырганы Курсан Асановго байланыштуу видеолордун, маалыматтардын акыркы күндөрү байма-бай чыга баштаганы. Буга чейин чыкпаган видео тасмалардьш биринин артынан бири чыгып жатканы мени кызыктырат. Мунун бардыгы тергөө иштеринин жыйынтыгы менен билинет деп ишенип туралы, эгер экспертиза иштери Курсан Асановду көздөй позитивдүү чыгып калса анда иш жөн гана жабылып калышы мүмкүн. Ал эми иштер далилденип, жашыруун иштер болуп кете турган болсо анда жыйынтыгы баарына белгилүү. Азыркы учурда коомчулук Курсан Асановго моралдык, психологиялык жактан чоң колдоо көрсөтүп жаткан учуру. Анткени, бул киши моралдык-психологиялык жактан чоң сокку алды. Кээде моралдык тепкиге караганда, физикальж сокку жеңил болот.

Максат Мамытканов, саясат талдоочу:

– Асанов – турмушта болгон өтө кыйын абалдарда өзүнүн өзгөчө кесипкөйлүгүн көрсөткөн офицер. Ал “кабинетте олтурган” генералдардан эмес… Анын эл арасында жогорку кадыр-баркы бар… Курсан Асановго айып катары тагылып жаткандарды кылмыш деп эсептештин өзү туура эмес. Ага тагылып жаткан айыптын оордугу менен ал алдын алган окуянын оордугун салыштырып болбойт…

Мирлан Жээнчороев, ЖКнын депутаты:

-Курсан Асанов – көптөрдөн айырмаланган генералдардын бири. Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлору талкууланганда, ал кесипкөйлүгүн көрсөтүп, өкмөт, президенттин аппараты менен тыгыз иштеди. Кыргызстандын мекенчили, өлкөдегү тынчтыктын баасын билген адам. Азыркы түшүнбөстүктөр убагы келгенде иреттелет. Ал киши өзү деле “бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деп айтып калат. Ошондуктан, бул ага сыноо болду.

Ал өзүн актоого далилдерин колдонууга толук мүмкүнчүлүк түзүлүп берилиши керек. Кыргызстан мындай кадрларды пайдаланышы керек. Негизи акыркы жылдарда Кыргызстанда мамлекеттик кызматта, саясатта ич күйдүлүк, ичи тарлык, кара мүртөздүк өзүнчө бир тенденция болуп калды, көбөйүп кетти. Курсан Асановдун ишине байланыштуу күмөн саноо болбошу үчүн болгон маалыматтын бары ачык айтылышы керек. Ич күйдүлүктөн эмес, жалаң гана кызматына байланыштуу гана маселе көтөрүлүшү керек.

Дөөлөтбек Шадыбеков, аксакалдар кеңешинин төрагасы:

– Курсан Асанов эрдик көрсөттү. Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн, эч бир ызы-чуу чыгарбай алып чыккан ошол киши. Туура эмес иштен алынды. Эрдик көрсөткөндүгү үчүн сыйланьпп керек эле. Ошондуктан, бул иш Жогорку Кеңеште, өкмөттө күч органынын катышуусунда иши кылдат каралып, акыйкат баа берилиши керек. Мен генералдын иши акыйкат чечилишине ишенем жана суранат элем.

Кайыргүл Сартбаева, эл артисти:

– Курсан Асановду биз бала кезинен байкап жүрөбүз. Ал биздин көз алдыбызда өстү. Баткендеги коогалаң, Оштогу коогалаңда 2010-жылы башыбыздан өткөн кырсыктарда башында туруп элге тынчтык алып келди. Бул эмгекти баалашыбыз керек.

Уран Байматов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: