Menu

Алмаз Атамбаев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев бүгүн, 5-октябрда  өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коомдук жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.

Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап, милиция кызматкерлери үчүн турак жайдын курулушунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Алмаз Атамбаев ички иштер органдары кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерге, анын ичинде өлкөдө жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартууга жана болтурбоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: