Menu

Видео – Чаткалда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар “Басмач” каймана аттуу жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ишемби, 8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Ала-Бука районунун тургуну 1985-жылы туулган Т.И. өзүнүн оор жүк ташуучу автоунаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бараткан учурда, өзүнө бейтааныш эки жаран жеңил автоунаасы менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Алардын бири өзүн “Болот” деп тааныштырып ушул жолдо жүргөнү үчүн 10 000 (он миң) сом бересиң деп опузалап коркутушуп, оор жүк ташуучу автоунааны 3-4 саат жолдо кармап турушкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча жана арызынын негизинде топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө атайын тапшырмалар берилип, кылмыштын бетин ачуу жана шектүүлөрдү аныктап кармоо максатында тергөө тапшырмасы берилген. Жалал-Абад ОИИБнин жана Чаткал РИИБнин тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылдат жана кесипкөйлүк менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген “Басмач” каймана аттуу Чаткал районунун тургуну 1989-жылы туулган У.Б. жана анын кылмыштуу шериги 1997-жылы туулган С.Днын жүргөн жерлери аныкталып, тергөөгө жеткирилген. Тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камакка алуу тандалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жоктугу териштирилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: