Menu

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Кумтөрдү эми улутташтырууга баруу кыйын”

Бөлүшүү:

– Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен түзүлгөн жаңы стратегиялык келишим боюнча, коруктагы 16 миң гектар жер кайра берилгени айтылууда. Бул нерсе айрымдарды нааразы кылып жатат. Сиздин оюңуз кандай?

– Сөз Сары-Чат-Ээр-Таш коругу тууралуу болуп жатат, түшүндүм. Буга чейин 16 миң гектар жерди берүү чечими жокко чыгарылып, бирок аны өкмөт кайрадан бергени жазылган. Жакында келишим парламенттин кароосуна келет, талкуулайбыз, суроолорду беребиз, тактайбыз. Эгерде чын эле 16 миң гектар коруктагы жер берилген болсо, мындан чыр чыгышы мүмкүн. Негизи Кумтөр боюнча келишим 1993-жылы башталган. «Коммунисттердин» жетекчиси Абсамат Масалиевич «Кумтөр – бул (алтын) маселе өтө татаал, мамлекет өзү көзөмөлдөп иштетпесе, башка учурда чыр чыгат» деп айткан. Тилекке каршы, бара-бара коркунучтуу келишимдер ишке ашып жатат. Акыр аягы Кумтөр өкмөттүн ишине чоң таасир бериши толук мүмкүн. Ооба, бир жагынан керектүү ишкана. Кандай болсо да, 10 млн. доллар жылына казынага түшүп жатат. Ошол эле мезгилде улуттук, эгемендиктин белгилери зыян тартып калууда. Мисалы, жерибизге, табигатыбызга, элибизге терс таасирлери болууда. Андыктан, мен ойлойм, бул маселени кайра караш керек. Зыян жагы көп болсо, токтотуш керек. Мен таңкалам, 2010-жылы Убактылуу өкмөт эмнеге улутташтырган жок? Колунан келип турган. Анын ордуна Бакиевдин мүлкүн улутташтырып жүрүшкөн. Алтындын артынан чоң саясый күчтөр болот, оюн көп болот. Ошол себептен Убактылуу өкмөт деле, башка өкмөттөр деле бул ишти бир жаңсыл чече албайт, колунан келбейт. Азыр эми улутташтырууга баруу кыйын. Бирок, иштеткен эрежелерди кайра кароого толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

– Исхак мырза, Курсан Асановдун иши боюнча сиздин оюңузду да билели дегенбиз…

– Асановдун иши боюнча азыр тергөө уланып жатат. Менде толук маалымат жок. А коомчулукта ар түрдүү кеп-сөздөр жүрөт. Эгерде айрым ММКлар жазгандай, ИИМ расмий билдиргендей, фактылар болгон болсо, анда өтө уят иш болуптур. Бирок, азыр жыйынтык чыгарганга эрте. Экинчи тарапты, Асановду да угуу керек. Суроолор көп, жооп табуу азыр кыйын. Эгер мыйзамдуу жүрсө, чындыкты тергөө аныктайт.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: