Эмчек рагы оорусунун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында 23-октябрда Казакстандын бардык онкологиялык бейтапканалары ачык эшик күнүн өткөрүштү. Аялдар менен кыздар үчүн текшерүү жана кеңеш берүү кызматтары бекер көрсөтүлдү.
Алматыдагы Онкология жана радиология илимий изилдөө институнун кызматкери Асем Тогызбаева жылына эмчек рагы Казакстанда болжол менен төрт миң кыз-келинде аныкталарын айтты.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча жыл сайын бул оорудан бир жарым миңге жакын бейтап көз жумат.
Өлкөдө профилактикалык текшерүүлөр жергиликтүү бейтапканаларда бекер жүргүзүлдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ