УКМК бүгүн, 19-декабрь күнү айрым басылмаларда жарыяланган “УКМКнын жана ИИМдин буйругу менен кыргыздар тажик айылдарындагы балдарына кол салууда” деген маалыматты төгүндөдү.
УКМК жана ИИМ мындай билдирүүлөрдү чагымчылдык мүнөздө таратылган деп эсептейт.
Алардын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек-арасындагы абалды курчутуш үчүн кыйратуучу күчтөр атайын такталбаган маалыматтарды таратып, укук коргоо органдарын негизгиз айыпташууда.
Азыркы убакта, УКМК, ИИМ жана тийешелүү мамлекеттик органдар чек арадагы кырдаалды жөнгө салышууда.
УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү билдирүүлөр менен провокациялык чакырыктарды ММКга жайылтуудан алыс болууга чакырат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ