Өзгөн районундагы өрттүн кесепетинен бир адам жабыркап, 13 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-январь күнү Ош облусундагы Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү, Өзгөн аймактык оорукананын аймагында жайгашкан жеке-менчик клиниканын жыгач устундуу шифер жабылган 150 чарчы метр чатыры жана 151 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Өрттүн кесепетинен (1946-жылы туулган) эркек киши II даражадагы күйүк алган, абалы канаттандыраарлык. Ошондой эле клиниканын имаратынан 13 адам эвакуацияланган.
Өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ