Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү санариптик валютасынын киргизилишин колдобойт. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов билдирди.
Аткаминер азыр бул маселени Орусиянын Улуттук төлөмдүк бирикмеси карап жатканын, бирок азырынча бул Кремльдин расмий пикири эмес экендигин белгиледи.
Тимур Сулейманов Казакстан өзүнүн аймагына улуттук валютадан башка бир дагы валютаны киргизбей турганын айтты. Анын ою боюнча, валюта мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн символу болуп саналат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ