Жогорку Кеңеш юстиция министри Уран Ахметов менен мамлекетик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиевди кызматтан алууну өкмөт башчы Сапар Исаковго сунуштады. Жогорку Кецештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында “Миграция жаатындагы компетенттүү органдарды түзүү боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимин ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбооруна карата президенттин каршы пикири талкууланган. Анда президент мыйзам долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүнө байланыштуу каршылык билдирген. Эл өкүлдөрү бул маселеге юстиция министри менен миграция кызматынын төрагасы жооптуу деп эсептешти. Ошондой эле Уран Ахметов сот органдарынын ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин да сынына кабылды.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ