Бизге жеткен маалыматтарга караганда, СДПКнын Чүй облусундагы координаторлору кечээ Форумда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, жайбаракат чай үстүндө баарлашыптыр. Баарлашуу жакшы маанайда өтүп, Чүй эли Атамбаевди колдоорун, ар кандай кырдаалда бирге болушаарын айтышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында партиянын координаторлору Атамбаевге бекем ден-соолук каалашып, саясат айдыңында бир кемеде чогуу сүзүшөөрүн, партияны жана партиянын лидерин сатпай тургандыктарын, бөлүнүп-жарынууга, провокация кылгандарга каршы турушаарын билдиришкен экен. Бирок аталган партия тараптан бул боюнча официалдуу маалымат бериле элек…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ