Menu

“Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишим мамлекеттердин улуттук куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарындагы аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү механизмин өнүктүрүү жана Куралдуу Күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн, атайын кызматтарын куралдардын жогорку натыйжалуу жана келечектүү системалары менен жабдуу жана жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүү максатында түзүлгөн.

Ошондой эле бул Келишимди ратификациялоо коргоо өнөр жайынын ишканаларына биргелешип иштөө үчүн шарттарды түзү п,  эки тараптуу аскердик кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүүгө, коюлган маселелерди чечүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  кубаттуулугун  арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: