Menu

Чыңгыз Айтматов атындагы орден негиздөө сунушталды

Бөлүшүү:

Айрым парламент депутаттары адабият, кинематография жана башка искусство тармактарындагы көрүнүктүү жетишкендиктер үчүн «Чыңгыз Айтматов» атындагы орден негиздөөнү сунушташты.

Сыйлык ошондой эле ийгиликтүү чыгармачылык ишмердүүлүгү, гуманизм идеяларын көтөргөндүгү, тынчтыкты бекемдегендиги жана адамзаттын руханий өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн чет өлкөлүк жарандарга дагы ыйгарылат.

Демилгечилер Чыңгыз Айтматов замандын улуу жазуучусу жана философу, ошондой эле кыргыз адабияты менен чыгармачылыгынын символу экенин белгилешкен.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик сыйлыктардын тизмесинде 6 орден бар – I, II, III даражадагы «Манас», «Курманжан Датка», «Данакер», «Даңк», «Достук» жана «Баатыр эне».

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Айтматов азыркы учурдун чыгармалары эң көп окуялган автору болуп эсептелет. Анын эмгектери 176дан ашык тилге которулуп, 100 миллион нуска менен дүйнөнүн 128 өлкөсүндө басылып чыккан. Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мектеп жана жогорку окуу жайлардын программаларына кирген. Жазуучу чыгармачылык жана эл аралык ишмердүүлүгү менен дүйнөлүк адабияттын жана искусствонун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: