УКМКнын мурунку анабашчылары Абдил Сегизбаев менен анын орун басары Болот Сүйүнбаевдин өлкөдөн чыгып кеткени чындыкка жатпайт деген маалыматтарды укук коргоо органдары таратты. Бирок, бул экөө 7-апрель күнү кызматтан кетүү арыздарын жазса, эртеси 8-апрель күнү эле коңшу Казакстанга чыгып кеткени тууралуу маалыматты билгендер бар экен. Шефтин айтканын катыра аткарган эки берендин бири Токмок аркылуу өтсө, экинчиси Кең-Булуң аркылуу кетиптир. Кызыгы, экөөсүн тең өздөрүнүн жигиттери узатыптыр. Бул маалыматты укук коргоо органдары неге ачыкка чыгарганга кызыкдар болбой жатат? Же алар менен сүйлөшүү жүргөнбү? Алмазбек Атамбаев Кытайга форумга катышууга кеткенде Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевден сырткары Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов дагы Кыргызстандан четте жүргөнү кабарланууда. Мурунку команда толугу менен сыртта жүрсө, жолугушчу жерди алдын ала сүйлөшүп, алдыдагы күрөшкө мыктылап план түзүүнү көздөп жатышкан жокпу? Же колдоруна кишен салынып, жыргаган заманы бат эле зарлаган заманга айланып каларынан чоочуп жатышабы? Баарынын арты таза эмес экени талашсыз эмеспи…
Булак: “Жаңы Ордо” 13.04.2018.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ