1-сентябрда Гонконгдо нааразылык акцияларынын катышуучулары полициянын каршылыгына карабай, эл аралык аэропортко алып бара турган жолдорду бууп салышты.
Аэропорт мурдагыдай эле учактарды кабыл алып жана жөнөтүүдө. Демонстранттар шаардан аэропортко бара турган тез жүрүүчү поезддердин кыймылын дагы чектешти. Reuters маалымдагандай, станциялардын биринде алар турникеттер менен видеокөзөмөл камераларын талкалашты. “Эгер биз аэропорттун ишин бузсак, бүткүл дүйнө боюнча көптөгөн элдер Гонконгдо эмне болуп жатканы тууралуу кабардар болот”, деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири.
Айрым жерлерде демонстранттар менен полиция кагылышты, бир нече киши камалды.
Hong Kong commuters were caught up in police violence after riot police moved into a subway car to detain suspected protesters. Read the latest on the protests: https://t.co/wk8kAnmdfE pic.twitter.com/qsV0EMi9aX
— Reuters (@Reuters) September 1, 2019
Жекшемби күнү кечинде демонстранттардын бир бөлүгү аэропорттун жолун жарым-жартылай ачып, аймактан чыгып кетишти.
Шаарда каршылык акциялары 13 жумадан бери уланууда. Жергиликтүү жашоочулар Кытайга кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоого жол ачкан мыйзам долбооруна каршы чыгышууда.
Гонконг бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып келе жатышат.
Күн мурун он миңдеген демонстранттар бийликтин тыюусуна карабай, шаар көчөлөрүндө жүрүш жасашты. Гонконг полициясы аларга суу атуучу курал колдонуп, желим ок атты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ