Menu

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ЖАМКнын мекемесинде жаза өтөп жатып кылмыш ишин уюштурган

Бөлүшүү:

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облусунан ишкерлерди опузалап коркуткан шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБга 27 жаштагы ишкер анын укуктары менен эркиндигине кол салгандардан коргоп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартып берүүнү суранган. Криминалдык чөйрөгө тиешеси бар отуз үч жаштагы жаран менен башка белгисиз адамдар опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Материал Жалал-Абад ОИИБнын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки иликтөөлөрдүн алкагында, ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин «Шумкар» АБПнын кызматкерлери жана Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан.

Натыйжада, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын аймагынан Аксы районунун тургуну 1993-жылы туулган М.А. 11 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

Алынган маалымат боюнча жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга жана ага катышкан делген 1986-жылы туулган Б.К. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал ЖАМКтын мекемелеринин биринде жазасын өтөөдө.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Ошондой эле жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: