Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев эки айга камалды. Бул тууралуу Алматынын шаардык соту билдирет.
Астананын Алматы райондук соту Бишимбаевди камоо тууралуу санкцияны 12-январда чыгарган.
Мурдагы министрдин пара алууга шектелип кармалгандыгы тууралуу кабар 10-январда белгилүү болгон. Ал Астананын ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайда жаткан. Коррупцияга каршы кызматтын кабарлашынча, министр “ топ адам менен кутумга кирип, бир нече жолу ири суммадагы пара алган”.
Улуттук экономика министри болгон Бишимбаев 2016-жылы отставкага кеткен. Расмий маалыматтар боюнча ал “Байтерек” холдингди жетектеп тургандагы иштерине байланыштуу кызматтан бошотулган. “Байтерек DEVELOPMENTтин” топ-менеджерлери “Нурлуу жол” программасынын алкагында, айрым курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн 288 миллион теңге пара алууга шектелип жатат.
Бул иш боюнча “Байтерек DEVELOPMENT” башкармалыгынын төргагасынын орун басары, Батыш-Казакстан облусунун мурдагы акиминин уулу жана парламенттин мурдагы спикери да кармалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ