Кыргыз-казак чек арасында кычкылтек концентратору жана дары-дармек алып кетүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Алардын айтымында, эреже бузгандар “Ак-Тилек-Автодорожный” өткөрүү пунктунда кармалган.
Кыргызстандын үч жараны Казакстанга үч унаа менен бара жатышкан.
Тинтүү учурунда унаалардан кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметр жана дары-дармектер (ингавирин, ксарелто) табылган.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык жабдыктарды убактылуу экспорттоого тыюу салынган.
Документтерди түзүп бүткөндөн кийин, унаалардын айдоочулары кармалып, жүктөр менен кошо тиешелүү органдарга иликтөө үчүн өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ