БШК президенттикке талапкерлердин бюллетенге жайгашуусу үчүн чүчү кулак өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бюллетендин тексти 20-декабрга чейин бекитилет. Ушул күнгө чейин башкаруу формасын аныктоочу референдумга дагы бюллетендер бекитилет.
Эске салсак, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам 2020-жылдын 11-декабрында күчүнө кирген.
Документте 2021-жылдын 10-январында, жекшемби күнү, кезексиз президенттик шайлоо менен бүткүл өлкө боюнча жалпы элдик добуш берүү каралган.
Референдумга башкаруу формасын тандоого байланыштуу маселе коюлат:
президенттик республика;
парламенттик республика;
бардык варианттарга каршы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ