Menu

Атамбаев “Гансини” чыгарбай койсо, эрктүүлүк кылмак

Бөлүшүү:

Ушу күндөрү Ирандагы окуялардан кийин ар кандай талкуулар күчөдү. «Учурда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы АКШнын авиабазасын ырас эле чыгарган экен, болбосо Кыргызстан да Иран бутага алчу мамлекеттердин катарында калмак»деген пикирлер көбөйдү.

Алмазбек Атамбаевдин сөз жүзүндө «Ганси» авиабазасын чыгаруу боюнча жүйөсүнүн бири ушул болгон. «АКШ менен Иран ортосунда согуш чыгып кетсе, борбор калаадан 25 чакырым гана алыстыкта жайгашкан «Манас» аэропортуна Ирандын ракеталары учуп келбейт (?) деп ким кепилдик берет?» деген. Бул эми күлкүлүү нерсе. АКШнын аскер базасы жок кайсы мусулман-араб мамлекети бар? Иранды айланта тегеректеп АКШнын ондогон аскер авиабазалары жайгашкан. АКШ ошол аскер базаларын колдонбой, миңдеген чакырым алыстыктагы Кыргызстандагы жүк ташыган авиабазасы аркылуу ракеталарды учурмак беле? Алмазбек Атамбаевдин геосаясатты, Жакынкы Чыгыштагы абалды билбестигине жөнөкөй эле бир мисалды жазуучу, журналист Олжобай Шакир аны менен Сауд Арабиясына барып келгенден кийин «Атамбаевдин арабдагы авантюрасы» деп жазып чыккан. Атамбаев абсолюттук монархия, үй-бүлөлүк бийлик бар Сауд Арабиясына барып, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк бийликти кантип жок кылганын айтып, арабдарга мактанганы айтылган эле анда. Сауд Арабиясында туруп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынарын, «ал жол курулса, Иран менен соода-сатык алака эселеп өсүп, карым-катыш өнүгөт» деп үмүттөнүп жатканын айтканы да бар. Сауд Арабиясы менен Ирандын мамилесин билген адам Эр-Рияддан ушундай билдирүү жасайбы? АКШнын «Гансиси» өз мөөнөтү келип, чыкты. Артында Путин сайгылап турганда, келишимди узартпай коюуга көп деле эрктин кереги жок. Тескерисинче, «Гансини» чыгарбай койсо, Атамбаев эрктүүлүгүн ошондо көрсөтмөк. Тагыраагы, Атамбаев Путиндин сөзүн эки кыла албай, «мөөнөт узартылбайт» деди, алар чыгып кетти. Эгер Россия аралашпаганда келишим узармак да, АКШ базасы калмак. Эми бул башка маселе. Эми Ирандагы абал эмне болуп өзгөрөт, согуш чыгып кетпейби (?) дегенге жооп издеп көрөлү. Иран бийлиги АКШнын Ирактагы эки аскер базасына ракеталарды учуруу менен Касем Сулейманинин кунун кууп бүттү. АКШ бир да жараны набыт болбогонун билдирди. Демек, Иран алдын ала ал жакта АКШ аскерлери жок экенин билип, ракета учурган. Бирок, азыр кезек Трампта. Трамп күтүүсүз кадамдарга барып ийчү адам…

Алия Таянова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: