Батирлер менен шылуундук кылган келин колго түшкөнүн Бишкектин Октябрь РИИБИси 8-январда билдирди.
2019-жылы декабрда Х.С. өзүн батирдин кожейкеси катары көрсөтүп, А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирди узартыртылган мөөнөткө сатып, 5 миң долларды алып, кардарлардан качып кеткен.
2020-жылдын 3-январында жапа чеккендер милицияга кайрылган. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 204-беренеси (“Шылуундук”) боюнча катталды. 1983-жыды туулган Х.С. Бишкек ШИИБиснин убактылуу кармалуучу жайына жайгаштырылды. Бул келин ушул сыяктуу башка кылмыштар боюнча да шектелүүдө. Кимде-ким бул тууралуу кылмыштарды билсе, 0 (554) 102-935, 0 (990) 102-324 жана 102 номурларына чалып, кабарлап койсо болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ