Menu

Вандалдар байыркы Болгардагы эстеликти булгап кетишти

Бөлүшүү:

Татарстанда Эскерүү күнүн белгилөө алдында белгисиз адамдар Казандын Болгар шаарындагы Успенск чиркөөсүнүн пайдубалынын бетинде жайгашкан байыркы жазууларды булгап кетишти. Бул тууралуу экскурсовод Айрат Хатмулла билдирди.

“Жазуулар дайыма даана эле окулчу. Аларды акилеп салышыптыр. Бул объект ЮНЕСКО тарабынан корголгондуктан, аларга эч ким тийбеши керек эле. Аз мурун вандалдар Казандын Жаңы-Татар кыштагындагы мусулмандардын көрүстөнүн дагы талкалап кетишкен. Менимче, мунун барын бир эле адамдардын тобу жасоодо. Тилекке каршы, мен Болгар тарыхый коругунун жетекчилигине бул жөнүндө кабарлай алган жокмун, себеби жума соңунда иш ордунда эч ким жок болчу. Булар мындай жол менен мусулмандарды шылдыңдап жатат деп эсептейм. Мен эле эмес туристтер дагы муну көрүп жаман болушту” – деди Айрат Хатмулла.

Болгардагы Успенск чиркөөсү казандык көпөс Михляевдин акчасына 1732-1734-жылдары курулган. Храмды салууда Волжск Болгариясынын учурундагы курулуштардын калдыктары, анын ичинен араб жана армян жазуулары чегилген таштар колдонулган. Бул чиркөөдөн алыс эмес жерде Чоң мечит, Түндүк жана Чыгыш мавзолейлери, ошондой эле Хан сарай орун алган.

Болгар же Булгар – байыркы шаарча, ал Волжск болгарларынын борбору болгон. Казандан 200 чакырым алыстыкта, Волга дарыясынын наркы өйүзүндө жайгашкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: