Тажикстан Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров кайрадан ооруканага жаткырылды.
Душанбедеги «Истиклол» медициналык борборундагы өз булак жана башкармалык бул маалыматты тастыктады.
Маалыматка караганда, Мансуржон Умаров 5-сентябрь күнү ичинен кан кетип ооруканага жаткырылган. Учурда абалы канааттандырарлык.
Тажикстан бийлиги мекеме башчысынын ооруканага түшкөнү тууралуу комментарий бере элек.
Мансуржон Умаров өткөн айда пневмония менен ооруканага жатып, өткөн айда үйүнө чыккан.
Аткаминердин бир тууганы Носир Умаров 5-майга караган түнү инфекциялык ооруканада көз жумган. Ал “Барки Точик” энергохолдингинин кызматкери болгон. Насир Умаровдун жакындарынын бири “Озоди” радиосуна ал коронавирус инфекциясын жуктуруп алган болушу мүмкүн экенин айткан. Маркумдун сөөгү туугандарына берилген эмес.
Генерал-лейтенант Мансуржон Умаров Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчылыгына 2018-жылы Хожент колониясындагы козголоңдон кийин дайындалган. Ал 53 жашта. Мансуржон Умаров буга чейин Тажикстан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ